Алымкадыр Бейшеналиев душмандарынын айынан Кыргызстандан кетүүнү пландап жатат
RU

Алымкадыр Бейшеналиев душмандарынын айынан Кыргызстандан кетүүнү пландап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналист Лейла Саралаева менен болгон маегинде келечектеги пландары менен бөлүштү.

Журналист анын жакшы маанайда болушуна эмне себеп болгонун сураган. Министр бала кездеги бардык кыялдары орундалып жаткандыктан ушундай сезимде жүргөнүн түшундүргөн.

"Кичинекей кезимден эле максимумга жетүү максатын койчумун. Кыялдарымын баары орундалып келе жатат. Академик, профессор, эң мыкты хирургдардын бири болгум келген андай да болдум. Көрсө мурун кимдир бирөөгө министр болгум келерин айткан экенмин... Бирок эсимде жок. Мен депутат болгум келген, аны жашырбайм", - деди ал.

Эми ал Жогорку Кеңешке депутат болууну ойлонбой калганын кошумчалады. Келечекте ал өлкөдөн чыгып кетмекчи.

"Министрликтен кийин чет жакка кетким келет. Мени Түркияга, Россияга чакырып жатышат. Бул жерде көбүнүн кыжырын келтирдим. Менин айымдан 30 жылдан бери бактылуу жашап, азыр эч нерсеси жок калышты. Ошондуктан, министр болуп иштеп, анан кетким келет", - деди ал.

Видеону 44:25тен баштап көрүңүз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6644