Алымкадыр Бейшеналиев бутундагы жаракатын шымын чечип көрсөттү (видео)
RU

Алымкадыр Бейшеналиев бутундагы жаракатын шымын чечип көрсөттү (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бутунан жаракат алган. Бул тууралуу министр өзү журналист Лейла Саралаева менен болгон маегинде айтып, жада калса шымын чечип көрсөткөн.

Анын айтымында, ал "Алтын балалык" борборун реконструкциялоо боюнча курулуш иштерине катышкан. Ошондо министр жыгылып, бутунан жаракат алган. Анын тизеден жогорку булчуңдары тытылып кеткен. Мындан улам министр өз ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болуп, медициналык байпак кийип, аксап басып жүрөт.

"Мен өзүм курулуш иштерине катып, чатырга да чыгам. Ошондон улам жыгылып, жарадар болдум. Эмне үчүн эки ай жатып дарыланмак элем, эки саат жатсам жетиштүү, иштеш керек. Мындай жашоодон кийин мага эч кандай зыян алып келбейт,- дейт ал күлүп.

Бул учурду 42:27ден баштап көрүңүз болот.

Белгилей кетсек, бул министрдин маалымат каражаттарында биринчи резонанстуу көрүнүшү эмес. Буга чейин Бейшеналиев пресс-конференцияда акониттин уулуу тундурмасын ичип, профессор Алмазбек Исманкуловду журналисттердин алдында пресс-турда "лопух" деп атап, көзүнүн асты көгөрүп эл алдына чыгып, анын эки ача билдирүүлөрү бир эмес эки жолу чуу жараткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6659