"Аялыңды инилериме салып берем". Улук-Бек Бектурганов Бейшеналиев аны коркутканын айтты
RU

"Аялыңды инилериме салып берем". Улук-Бек Бектурганов Бейшеналиев аны коркутканын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Алымкадыр Бейшеналиев мени коркутуп-үркүттү", - деди министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов бүгүн, 16-майда маалымат жыйынында.

Бектургановдун айтымында, бул сөздөрдү башка адамдар да уккан.

"Бейшеналиев мени министрдин орун басары болуп иштегениме бир жыл болду деп кыйкырып, аялымды инилерине салып берем деп коркуткан", - деди Бектурганов.

Ал сүйлөшүүнү диктофонго жаздырбаганын жана милицияга арыз менен кайрылбаганын белгиледи.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев өзү учурда Германияда жүрөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6714