Бейшеналиевдин кеңешчисин кайрадан кармап кетишти. Сүрөт
RU

Бейшеналиевдин кеңешчисин кайрадан кармап кетишти. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова кармалып, Караколго жеткирилди. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында КР Саламаттыкты сактоо министринин кеңешчиси 1993-жылы туулган Мээрим Тилекованын иш жүзүндө жашаган жери аныкталды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин "Пара талап кылуу" берененин негизинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында кармалып, андан аркы тергөө амалдарын уюштуруу үчүн Каракол шаарына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6730