Депутат Исатбек кызы: Мектептердин шыбы түшүп жатканда кайдагы 12 жылдык билим берүү
RU

Депутат Исатбек кызы: Мектептердин шыбы түшүп жатканда кайдагы 12 жылдык билим берүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Аида Исатбек кызы мектепте окуучуларды шып басып калып жатканда Кыргызстандагы 12 жылдык билим берүү кантип сөз болуп жатканына кызыкты.

Жогорку Кеңештин 18-майдагы жыйынында депутат Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык билим берүүнү жана ваучердик системаны киргизүүнү көздөп жатканын эске салды.

"Министрдин айтымында өлкө бул реформаларга даяр экен. Мүмкүн аны коё туруп, биринчи мектептерди инвентаризациялоону караса жакшы болмок беле? Республика боюнча 2236 мектеп бар. Алардын канчасы авариялык абалда экенин изилдеп чыгышыбыз керек", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6742