Мектепте 12 жыл окуу системасы качан кире турганы белгилүү болду
RU

Мектепте 12 жыл окуу системасы качан кире турганы белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында Билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова 12 жылдык окутуу системасы программа жана окуу материалдар даяр болгондо гана өтө турганын маалымдады.

"Бирок биздин жол картабызга ылайык, 12 жылдык окутууга эртең эле өтүп кетпейбиз. Ал 2024-2025-жылдарга пландалган", - деди ал.

Министрдин орун басары билдиргендей, региондордо 4 миңден ашык класстар даяр. Алар 280 сааттык, андан кийин 480 саатык мектепке чейинки даярдоо классы катары жабдылган.

"Биз ошол эле классты калтырып, кеңейтип, биринчи класс кылабыз. Жабдылган класстар бар. Кыйынчылыктар Бишкекте гана болушу мүмкүн. Бирок жакшы жаңылыгыбыз да бар, 1-сентябрга чейин 15 мектеп салуу пландалууда", - деп Джусупбекова белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6620