Нарматованын жаңжалы. SuperTV каналынын журналисттери ЖКга кирүү укугунан ажырады
RU

Нарматованын жаңжалы. SuperTV каналынын журналисттери ЖКга кирүү укугунан ажырады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

SuperTV редакциясынын журналисттери Жогорку Кеңеште аккредитациядан (кирүү уруксаты) ажыратылды. Маалыматты Kaktus.media сайтына парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов тастыктады.

Анын айтымында, парламенттин ашканасында депутат менен журналисттин ортосундагы чырдан кийин басма сөз кызматы сүйлөшүү үчүн SuperTV редакциясына телефон чалган.

"Биз болгон кырдаалды талкуулайлы дегенбиз. Бирок алар биз менен сүйлөшүүдөн баш тартышты, ал эми жетекчилиги биздин чакыруубузга көңүл бурбай жатат. Буга байланыштуу аларды азырынча журналисттердин тизмесинен чыгардык", - деди Каимов.

Басма сөз кызматынын жетекчиси журналист өзү этиканы сактаган эмес деп эсептейт.

"Алар депутат менен макулдашпай туруп, тагыраагы, уруксаты жок видеону жарыялашты. Журналисттик этика бузулду десек болот. Алар биз менен сүйлөшүүгө келсе, аларды кайрадан ак үйгө кире алчу журналисттердин тизмесине киргизүүгө даярбыз", - деп убада кылды.

Бул Нарматованын жеке суранычыбы деген суроого Каимов жооп берүүдөн баш тартты.

Эске салсак, 11-майда Жогорку Кеңештин ашканасында депутат Надира Нарматова менен SuperTV телеканалынын журналистинин ортосунда чыр чыккан.

Журналист ЖКнын ашканасы тууралуу материал даярдоо үчүн, бир нече депутаттар тамактанган залга кирген. Ал тамак-аштын сапаты боюнча комментарий сураганда Надира Нарматова аны уруша баштап, медиа кызматкеринин колунан микрофонду тартып алууга аракет кылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6745