Сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлү деп тапты
RU

Сот Гүлзат Мамытбекти күнөөлү деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Биринчи май райондук соту Гүлзат Мамытбекти күнөөлү деп тапты. Kaktus.media'га соттун басма сөз кызматы билдиргендей, чечим кечээ, 24-майда чыккан.

Сот Гүлзат Мамытбекти 166 "Алдамчылык" беренеси боюнча айыптуу деп таап, 5 жылга эркинен ажыратты. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде ага 3 жылдык пробациялык көзөмөл колдонуу менен жазаны өтөөдөн бошотулду", - деп жазылат соттун чечиминде.

Билдирүүгө ылайык, Гүлзат Мамытбек сот залынан бошотулуп, 3 жылга пробациялык мөөнөткө (үй камагы) кесилди.

Эске салсак, Биринчи май ИИБ милициясынын маалыматы боюнча аларга жети жаран кайрылып, Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) кыска мөөнөттө киреше түшөт деген убадаларын берип алардан акча алган. Бирок айтканын аткарбай изин жашырып кеткен. Зыян келтирүүнүн жалпы суммасы $110 миң.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6822