"Кызым хирургияда, арыз жазбадым". Мугалим сабаган кыздын апасы окуяны толук айтты. Видео
RU

"Кызым хирургияда, арыз жазбадым". Мугалим сабаган кыздын апасы окуяны толук айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мектепте сабалган кыздын апасы журналисттердин суроосуна жооп берип жатып мугалимге карата арыз жазбаганын билдирди. Ал дагы беш баласы бар адам деп аяган.

"Мен жаман болсом милицияга барсам болот эле да. Менен кечирим сурады анан макул деп калдым. Милиция мага арыз жазыңыз дегенде андан баш тарттым. Анткени ал да бирөөнүн баласы, беш баласы бар экен. Каматып салайын деген оюм жок",- дейт апасы.

Апасынын айтымында видеодон тышкары да мугалим кыздын озуна дагы бир жолу чапкан. Кыз ур-токмокко алынгандан кийин ооруканага жеткирилген.

"Кийин кызым кусуп, өңү бозоруп калганда ооруканага алып бардык азыр хирургияда жатат",- деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6848