Алымкадыр Бейшеналиев жардамчысынын кармалышы боюнча кайрадан комментарий берди
RU

Алымкадыр Бейшеналиев жардамчысынын кармалышы боюнча кайрадан комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жардамчысы Мээрим Тилекованын кармалышы боюнча комментарий берип жатып, андан өч алып жатышканын белгиледи. Журналисттердин "Ким өч алып жатат?" деген суроосуна министр "Мен кызматтан бошотуп салган башкы дарыгерлер", - деп жооп берди.

"Алар УКМКга акча чогултуп жатышат деп арыз жазышыптыр. Медайымдар өздөрү майрамдайлы дешкен, анан мен да кошулуп калдым. Ошто чоң майрам өткөрдүк. Аябай кубанышкан болчу. Биринчи жолу министр өзү алар менен кучакташып, сүрөткө түшүп, бийлеп жатат. Мурда мындай болчу эмес да. Мына ошонун азабын тартып жатам", - дейт саламаттык министри.

Мындан ары эмне кыласыз? деген суроого министр Бейшеналиев иштейм, деп жооп берген. Тилековага жардам берүү боюнча "ал өзүнө адвокаттарды жалдаганга дарамети жетет" деп жооп берди. "Ооба, ал менин айыман жабыркап калды. Бирок азыр ата-энеси, туугандары... Бардыгы ушундай абалда...Мени менен байланышкысы жок. Эч нерсени каалабай турат. Ушактын айынан. Аны да түшүнсө болот. Бардыгы бүткөндө жардам бергенге аракет кылам", - деп Алымкадыр Бейшеналиев айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6875