Алымкадыр Бейшеналиев кыздар менен жада калса башка мамилеге барганын айтты. Видео
RU

Алымкадыр Бейшеналиев кыздар менен жада калса башка мамилеге барганын айтты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алымкадыр Бейшеналиев Super.kg порталындагы маегинде жардамчысы Мээрим Тилекова менен болгон мамилеси тууралуу түшүндүрүп жатып, башка кыздар менен андан да жакын мамиледе болгонун айтты.

Министрдин айтымында башка кыздар Мээрим Тилекованын оордуна алардын сүрөттөрү чыгуусун каалашкан.

"Башка кыздар эмне үчүн биз чыкпай калдык, ошол чыкса биз да бираз "авторитет" болот элек дешти. Мен айрымдары менен кучакташып, жада калса өбүшкөм. Алар эмне үчүн чыкпады. Мунун мага терс таасири тиет деп ойлошту да. Келинчегим сени жаш кыздар жакшы көрөт турбайбы деп каткырып койду",-дейт министр.

Андан тышкары Бейшеналиев аягына чейин реформа жасарын белгиледи.

"Эгер убакыт берилсе эле реформамды аягына чыгарам. Региондордо да өзүм кыдырып жүрүп оңдойм. Эгер андай болбой калса кийинкилер жасайт",- деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6877