Картасынан акча алууга келген кызды сабап кеткен киши камакка алынды
RU

Картасынан акча алууга келген кызды сабап кеткен киши камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Картасынан акча алууга келген кыз менен таанышууга аракет кылып, андан акча талап кылганда, андан баштарткан кызды сабап салган 40 жаштагы эркек камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясы билдирди.

Айта кетсек, 28-майда райондук милицияга О.Э. аттуу кыз 12-кичи район тараптан белгисиз эркек сабап кеткенин айтып, арыз жазган.

Бул боюнча кыз социалдык тармактан кайрылуу жасап, окуя кандайча болгонун айтып берген.

Анын маалыматына таянсак, окуя 28-майда түнкү саат 3:20 чамасында болгон. Кыз курбулары менен жолугуп, андан соң такси чакырган. А бирок айдоочуну жолдон токтотуп, банкоматка картасын салып жаткан учурда артынан келген белгисиз эркек таанышып алууну сунуштаган. Кыз ага көңүл бурган эмес. Тилекке каршы, банкоматта акча жок болгондуктан кыз картасын чыгарып, бери кайрылганда, эркек киши тигини оозго муштап, акча талап кылган. Ал акчасы жок экенин айтканда, шектүү көзгө коюп ийген. Айдоочу жардамга келгенче, тиги киши качып кеткен.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (бейбаштык) менен катталып, шектүү ошол эле күнү кармалган. Бирок экспертизанын жыйынтыгы чыкканча эч жакка кетпөө талабы менен бошотулган.

Экспертизанын корутундусунун негизинде кылмышка шектүү, 1982-жылы туулган Э.А. аттуу жаран тергөө абагына камакка алынды. Учурда сурак берип жатат.

Булак: Kyrgyzkabar

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6891