Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү
RU

Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына Башкы прокуратурадан билдиришти.

Белгиленгендей, өлкөнүн башкы көзөмөл органынын тергөөчүлөрү Бейшеналиевге бир нече кылмыш иштери боюнча – коррупция, пара талап кылуу, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана атайлап пайдасыз келишим түзүү боюнча айыптоодо.

Бейшеналиевге айып тагылгандан кийин сот анын баш коргоо чарасы тандалганга чейин 48 саатка УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6922