Прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды
RU

Прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри кээ бир кызмат адамдары менен биргеликте КР Президентинин жарлыгын одоно бузуп, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

"2020-жылдын декабрынан 2021-жылдын сентябрына чейин Кыргызстанга эл аралык уюмдардан бекер гуманитардык жардам иретинде 451 миң 560 доза вакцина келип түшүп, ошондой эле, Өлкө Президенти Кытай жана Россиянын башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кошумча 6 миллион дозадан ашык вакциналарды акысыз гуманитардык жардам иретинде бериле тургандыгын макулдашылгандыгына карабастан, Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 миллиард 581 миллион доза вакцинасын негизсиз сатылып алынган. Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон",- деп маалымдайт прокуратурадан.

Натыйжада бюджетке 1 миллиард 581 миллион сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6921