Билим берүү тармагында айлык акы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Кимдерге тиешелүү?
RU

Билим берүү тармагында айлык акы дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Кимдерге тиешелүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жылдын аягында билим берүү кызматкерлеринин айлык маянасы дагы жогорулашы күтүлүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 2-июнда Ысык-Көлдөгү "Билим Ордо" мектебинин жамааты менен жолугушууда билдирди.

Kaktus.media редакциясы бул план боюнча Билим берүү министрлигинен тактады.

"Чындыгында айлык акыны жогорулатуу пландалып жатат. Бирок, бул жолу мектеп директорлоруна гана тиешелүү. Анткени апрель айында мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн. Азырынча канчага көтөрүлөрү белгисиз", - деп билдирди министрлик.

Эске салсак, апрель айында мугалимдердин айлыгы көтөрүлгөн. Азыр мугалимдердин айлык акысы сааттык жүгү менен эмес, ставкасы менен төлөнөт. Көбөйүү негизинен педагогикалык жамаатка гана тиешелүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6924