Мугалимдердин айлыгы жогорулатылган боюнча калат. Бирок, эң төмөнкү ставка белгиленет
RU

Мугалимдердин айлыгы жогорулатылган боюнча калат. Бирок, эң төмөнкү ставка белгиленет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында деле мугалимдер жогорулатылган айлык акы алышат. Бирок, мугалимдердин жүктөмү 1,5 ставка менен чектелет. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомство эскерткендей, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 "Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жогоруда көрсөтүлгөн токтому менен жалпы билим берүү жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын мугалимдеринин эмгегине акы төлөө шарттары ставкага (оклад) өткөрүлдү, ошондой эле тарифтик ставканы (оклад) эсептөө үчүн негиз болуп саналган эң төмөнкү базалык ставка белгиленди.

Ошону менен бирге, тарифтик ставка (оклад) эң төмөнкү базалык ставканын өлчөмүн окладга жана ставкаларга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелерин билдиришти.

Жогоруда көрсөтүлгөндөргө байланыштуу 2022-жылдын 1-сентябрынан тартып мугалимдин эмгек акысы азыркы деңгээлинде сакталат.

Быйылкы жылдын сентябрында мугалимдердин айлык маянасы азайтылбайт.

Белгилей кетсек, буга чейин апрель айында айрым мугалимдер быйылкы окуу жылында ашыкча жүктөм менен иштегендигин эске алуу менен жогорулатылган айлык акы алышкан. Жаңы окуу жылында жогорулатылган айлык акы улантылат, бирок мугалимдердин жүктөмү 1,5 ставка менен чектелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6650