Эдил Байсалов: Алымкадыр Бейшеналиевдин оордуна башканы коюуга эрте
RU

Эдил Байсалов: Алымкадыр Бейшеналиевдин оордуна башканы коюуга эрте

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-июнда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратында жыйын өткөрдү.

Анын айтымында, ал команда менен сүйлөшүп, функционалдык милдеттерин токтотпой мындан ары да так аткарууга чакырды.

"Мен жамаатка акыркы окуялар калкка медициналык жардам көрсөтүүгө жана кызматтын сапатына таасирин тийгизбеши керектигин эскерттим", - деди Байсалов.

Анын айтымында, азырынча Саламаттыкты сактоо министрлигинде кадрдык чечим кабыл алынбайт.

"Азыр кандайдыр бир чечим кабыл алуу туура эмес. Себеби, бизге белгилүү болгондой, Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы али тандала элек. Андыктан кадрдык чечимдер тууралуу айтууга али эрте", - деди Байсалов.

Ал эми министрдин орун басарлары өз милдеттерин аткарууну улантып жатканын, алардын бирине да министрдин милдети жүктөлө электигин белгилешти.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир нече кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көрсөтмөсү менен Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, бул компаниялардын оффшордук эсептерине каражат которгон. Ал ортодо Россиядан, Кытайдан жана эл аралык донорлордон келген гуманитардык вакциналардын мөөнөтү өтүп кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,5 миллиярд сомду түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине жети кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч кызматкери да кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6928