"Миномет колдонуп, ок атууну токтотпой жатышат". Баткендеги чек арада азыр эмне болууда
RU

"Миномет колдонуп, ок атууну токтотпой жатышат". Баткендеги чек арада азыр эмне болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саат 13:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышуу дагы деле уланууда. Бул тууралуу КР УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн.

Кыргыз чек арачыларынын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосунда атышуу чыгып, тажик тарап миномётторду колдонгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерге УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник К.Төлөнбаев жана Баткен чек ара отрядынын командири полковник Р.Миршакиров жөнөп кетишкен. Бирок саат 13:00дө Чек ара аскерлеринин колбашчысынын ортосундагы телефондук сүйлөшүүлөргө жана макулдашууларга карабастан тажик тарап ок атууну токтоткон эмес.

"КР УКМКнын Чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат жана тажик кесиптештерин ок атууну токтотууга чакырат. Болбосо, жооп чаралары көрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6929