Чек арадагы ок атышууда аскер жараат алды
RU

Чек арадагы ок атышууда аскер жараат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын аскер кызматкерлери менен атышуу учурунда Кыргызстандык чек арачыларынын бири октон жараат алды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жараат алган аскер ооруканага жаткырылган.

Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде саат 14:15те атышуу токтотулганын чек ара кызматы билдирди. Учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жүрөт.

Тараптар окуянын чоо-жайын тактоо үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6932