"Күтүп жүрүшсө керек". Садыр Жапаров Бейшеналиев боюнча комментарий берди
RU

"Күтүп жүрүшсө керек". Садыр Жапаров Бейшеналиев боюнча комментарий берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров Алымкадыр Бейшеналиевдин айланасындагы кырдаал боюнча "Азаттык" радиосуна комментарий берди.

"Эсиңиздерде болсо 2020-жылы бизнести, мамлекеттик ишканаларды текшерүүгө мораторий киргизгенбиз. Бул жылдын башынан баштап бардык министрликтерди, мамлекеттик мекемелерди текшерүүгө уруксат бергенбиз. Себеби иш кагаздарында, финансылык иш жүргүзүүлөрдө мыйзам бузуулар көбөйүп кетти деген маалымат келген. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен министр Алымкадыр Бейшеналиев боюнча жакында эле Башкы прокуратура финансылык мыйзам бузуулар бар экенин айтып кайрылган. Эгер чындап эле мамлекетке келтирген зыяны болсо, мейли, ким болбосун сурагыла дегем. Реабилитациялык балдар борборунун ачылышынан кийин сурайлы деп күтүп жүрүшсө керек. Кечээ күнү кармап кеткенин көрүп, бүгүн комиссия түзүп, жибердим. "Өзүм үчүн билейин. Калыс козголгонбу же жокпу тактап келип бергиле" деп. Мен калыс болушум керек. Анткени коомчулукта "башкы прокурор менен министр экөө бири-бирине өчөшүп калган" деген пикирлерди айтып жатышпайбы. Ошол үчүн азырынча экөөнү тең бир жактуу каралоодон алыс болуп турсаңар. Тергөө жүрө берет. Эч ким тоскоол болбойт. Комиссия жөн гана материалдар менен таанышып келип мага маалымат беришет. Ошондон кийин жыйынтык чыгарабыз", - деди Жапаров.

Эске салсак, Алымкадыр Бейшеналиев жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир нече кызматкерлери коррупцияга шектелүүдө.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көрсөтмөсү менен Саламаттыкты сактоо министрлиги чет элдик компаниялардан вакциналарды сатып алып, бул компаниялардын оффшордук эсептерине каражат которгон. Ал ортодо Россиядан, Кытайдан жана эл аралык донорлордон келген гуманитардык вакциналардын мөөнөтү өтүп кеткен. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,5 миллиярд сомду түзөт.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисине жети кылмыш иши козголгон. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин үч кызматкери да кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6933