Камчыбек Ташиев Баткен облусуна учуп кетти (видео)
RU

Камчыбек Ташиев Баткен облусуна учуп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Камчыбек Ташиев жабыркагандарга жардам көрсөтүү жана бардык маселелерди жеринде чечүү үчүн медицина кызматкерлери менен бирге Баткен облусуна учуп кетти.

Эске салсак, бүгүн, 3-июнда түшкө жакын Тажикстандын чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагында чек аранын шарттуу сызыгынан Кыргызстандын жерине мыйзамсыз өткөн. Кыргыз чек арачыларынын аймактан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6935