Темирлан Султанбеков: Бейшеналиев мактоого татыктуу, прокурорлор андан сабак алышы керек
RU

Темирлан Султанбеков: Бейшеналиев мактоого татыктуу, прокурорлор андан сабак алышы керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков камалган саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге болгон мамилеси тууралуу социалдык тармактарда айтып берди.

"Ал көп ката кетирди. Бул тууралуу мен да дайыма айтып жүрчүмүн. Бул нерсе дарыгер Эрнст Акрамовго карата орой мамиле, медициналык бригадалар менен болгон чыр-чатактар, өз долбоорлору үчүн командалардан мажбурлап акча талап кылуу болчу.

Эми позитивдүү жактарын дагы айтууга убакыт келди. Мамлекеттик жана муниципалдык түзүмдөрдү жана имараттарды чарбалык түзүмдөрдөн бошотууну, көптөн бери дипломдордун "принтерине" айландырган жеке медициналык университеттерди текшерип, ошондой эле медициналык мекемелерде бекер "бахила" бериле баштады", - деп жазган Султанбеков.

Анын айтымында эң негизгиси, Алымкадыр Бейшеналиев министрлер кабинетинин мүчөсү катары, КР Коопсуздук кеңешинин мүчөсү болуп туруп, сотторго, прокурорлорго эч ким ишенбей турганын айтты.

"Маселени чечүү үчүн адегенде маселени моюнга алыш керек, бул учун ал урмат-сыйга жана мактоого татыктуу! Прокурорлор Алымкадыр Бейшеналиевден сабак алыш керек. Бирок, алар чындыкка ачууланышты. Бейшеналиев ар кандай сынга адекваттуу мамиле кылып, журналисттерден корккон эмес. Массалык маалымат каражаттарына жана коомчулукка өтө ачык болгон. Экс-министрге ден соолук, сабыр жана бакубатчылык каалайм, президент аны өз тагдырына калтырбайт деп ишенем", - деп жыйынтыктады Султанбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6952