Бали! 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып берүүдө. Сүрөт
RU

Бали! 20 жылдыктар көп балалуу жалгыз бой энеге үй салып берүүдө. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр (1985-жылкылар) жалгыз бой эне Мейизгүл Корголдоевага 2 бөлмөлүү турак-жай куруп берүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев билдирген.

Анын айтымында 20 жылдыктар ысырапкорчулукка жол бербөө максатында ушул демилгени көтөрүшкөн.

"Мейизгүл Корголдоевага курулуп жаткан үй буюрса күз айларында бүтүп, ага тапшырылат. Айыл жаштары кайрымдуулук кылып жатышат. Ушундай үлгүлүү жаштарыбыз көбөйүп, өсүп келе жаткан муундарга түрткү берсин",- деген Сейталиев.

Белгилей кетсек, адатта мектепти 20 жыл мурун бүтүргөндөр акыркы коңгуроодо мектепке чогулуп, оюн-зоок уюштуруп, майрамдашат. Бирок, мындай кайрымдуулук иштерин кылгандар да жок эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6967