"Бешинчи атаман болгом, автобустан секиргим келген". Жапаров кызыктуу окуяларын айтты
RU

"Бешинчи атаман болгом, автобустан секиргим келген". Жапаров кызыктуу окуяларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 7-июнда инновациялык борбордо министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун "Жаш лидерлер" долбоорунун катышуучулары менен жолугушуусу болуп өттү.

Иш- чарада Акылбек Жапаров балдардын суроолоруна жооп берди. Долбоордун катышуучуларынын бири анын жашоосундагы үмүтү үзүлгөн учур болгонбу деп сурады.

Акылбек Жапаров эстеп көрүп, бир окуясын айтып берди.

Анын айтымында, окуучу кезинде ал физика боюнча олимпиадада 18-орунду ээлеп калган. Бирок Жапаров мен бул сабакты жакшы билем деп ойлогон. Ошол учурда автобустан секирип кеткиси келгенин айтат. Кийин ал борбордогу окуу жайга өткөндө ал өзү айткандай "эң келесоо адам" болуп көрүнгөн.

Министрлер кабинетинин төрагасы мектеп окуучуларына, албетте, жашоодо жыгылган учурлар болорун, эң негизгиси ошону жеңүүнү үйрөнүү керектигин айтты. Ошондо гана адам ийгиликке жетет деп белгиледи.

Андан тышкары мектепте ал "бешинчи орунда" болгонун эстеди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6973