ӨКМ: Жоокер сабалганын айткан эмес, кийин ага шашылыш операция жасалды
RU

ӨКМ: Жоокер сабалганын айткан эмес, кийин ага шашылыш операция жасалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп аскерге чакырылган Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча түшүндүрмө беришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчисинин орун басары Урматбек Шамыркановдун айтымында жабыркаган Эсенбеков сабалганын айткан эмес. Фельдшер жоокерди эртең менен Беловодское шаарындагы поликлиникага алып барып, ал жерден Бишкекке дарыланууга жөнөткөн.

"Анализ тапшырганда пневмония чыккан. Бекзат Эсенбеков токмок жегенин айтпай, деми кысылып ооруп жатканын гана айткан. 4-шаардык ооруканага барганда гана ачыкка чыкты. Табарсыгы жарылып, 4-июндан 5-июнга караган түнү шашылыш операция жасалды", - деди Шамырканов.

Эске салсак, кечээ, 7-июнда катардагы жоокер Эсенбековдун атасы уулун сабаган кишиге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында,1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө баласын сабап кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6981