Сабалган жоокердин ата-энеси: ӨКМ жардам бердик деп калп айтууда
RU

Сабалган жоокердин ата-энеси: ӨКМ жардам бердик деп калп айтууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда ӨКМдин өкүлдөрү аскер кызматкери Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча маалымат жыйын өткөрүп, министрликтин башчысынын орун басары Урматбек Шамырканов жабырлануучуга министрлик тарабынан керектүү жардамдар берилип жатканын билдирди.

Министрдин орун басары Эсенбековго "бардык дары-дармектер жана каражаттар" берилгенин белгиледи.

Бирок басма сөз жыйынына келген жоокердин ата-энеси Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эч кандай жардам берген жок калп айтып жатат дешти.

"Алар бизге бир аскер сумкасын беришти, анын ичинде пневмония дартына каршы дары-дармектер болгон. Бирок операцияга керектүүлөр болгон эмес. Бизге эч ким акча менен жардам берген жок жана биз аларды албайбыз", - дешти алар.

Эске салсак, кечээ, 7-июнда катардагы жоокер Эсенбековдун атасы уулун сабаган кишиге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын айтымында,1-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө баласын сабап кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6982