Сабалган жоокердин апасы: Баламдын башына антисептик сээп, күйгүзүшүптүр (видео)
RU

Сабалган жоокердин апасы: Баламдын башына антисептик сээп, күйгүзүшүптүр (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-июнда ӨКМдин өкүлдөрү аскер кызматкери Бекзат Эсенбековдун сабалышы боюнча маалымат жыйын өткөргөн. Ага жоокердин ата-энеси дагы катышып, баласынан уккан окуянын чоо-жайын толук айтып берди.

Анын айтымында баласын катуу коркутушкан.

"Баламды болгон окуя тууралуу көп айтпа деп коркутушкан. Кече мага гана айтып берди. Баламын чачын алгандан кийин, таз чачына антисептик сээп, ага күкүрт жагып күйгүзүп чуркатат экен",- деп билдирди апасы.

ӨКМдин өкүлдөрү бул нерсени сизден угуп жатабыз дегенин төгүндөп, жабырлануучунун апасы так ушул адамдар айтпа деп коркутушканын кошумчалады.

"Эрте менен силер реанимацияга кирип, өзүнүн эсине келе албай жатса көп нерселерди айтпа, көгалаңды көрсөтпө деп силер айтыптырсыңар. Кудайга ишенген адаммын, калп айтсам кудай урсун",- деп нааразы болгон ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6989