Абактан чыккан Гүлзат Мамытбек он жылдан кийин президент болом дейт. Видео
RU

Абактан чыккан Гүлзат Мамытбек он жылдан кийин президент болом дейт. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гүлзат Мамытбек абактан чыккандан кийин Super.kg порталында маек куруп жатып он жылдан кийин президент болом деп билдирди.

Гүлзат Мамытбек түрмөдөн чыккандан кийин да чөгүп кетпегенин, тескерисинче улуу адамдардын ордун басып өткөнүн белгиледи.

"Белгилүү президенттердин бары түрмөдө отуруп чыгышкан экен. Биздин өлкө башчы Садыр Жапаров да отуруп чыккан. Мен ошолордун жолунан өтүп, буюрса президент болом. Азыркы бийлик жүрөгү түшпөсүн, он жылдан кийин болом",-деп билдирген ал.

Эске салсак, Гүлзат Алымкулова (Гүлзат Мамытбек) "Алдамчылык" беренеси боюнча айыпталган эле. Тагыраагы кыска мөөнөттө киреше түшөт деген убадаларын берип, элден акча алып, айтканын аткарбай изин жашырып кеткен. Зыян келтирүүнүн жалпы суммасы $110 миң деп белгиленген. Азыр үй камагына чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6991