Матраимовду колдоп... Шайлообек Атазовдун чуу салган сунуштары. Видео
RU

Матраимовду колдоп... Шайлообек Атазовдун чуу салган сунуштары. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Шайлообек Атазовдун кыздарды чет өлкөгө турмушка чыккандан кийин гана чыгаруу керек деген сунушунан башка дагы кызуу талкууга алынган сунуштарын уктуңуз беле.

Атазов Райымбек Матраимовдун тарапташы экенин жашырбай келет. Бишкекте өткөн Матраимовду колдоо митингинде модераторлук кылып, социалдык тармактарда маал-маалы менен анын үй-бүлөсүн коргоп сүйлөп турган. Кошумчалай кетсек, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо Матраимовдор кланына тиешеси бар делген "Мекеним Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 42-орунда турган.

"Биздин өкмөткө Райымбек Матраимовдой менеджерлерди алып келиш керек. Эгер ал анын алдында (УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин) отуруп калса эмне болуптур? Кылмышкер болуп калабы? Матраимовдун коррупционер же коррупционер эместигин сот гана чече алат. Сотто далилдеп бер анан сүйлө",- деп Атазов Дастан Бекешевге жооп берген Жогорку кеңештин жыйындарынын биринде.

Ошондой эле, калкка "халал" принциби боюнча кредит берүүнү талап кылган. Андан сырткары, сөз эркиндигин чектей турган жасалма мыйзам долбоорун жактай турганын билдирген.

Жогорку Кеңештин 2021-жылдын 21-апрелдеги жыйынында депутат Шайлообек Атазов дааватчылардын ишин чектебөө өтүнүчү менен ИИМге кайрылып, тескерисинче аларды колдоону сунуштаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7019