Модель Бегимай Карыбекова Атазовго: Өнүкпөгөн эркекке ийгиликтүү кыздар сойку көрүнөт
RU

Модель Бегимай Карыбекова Атазовго: Өнүкпөгөн эркекке ийгиликтүү кыздар сойку көрүнөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акчасы бар ийгиликтуу кыздар, акчасы жок, өнүкпөгөн эркектерге дайыма сойкудай көрүнөт! Мындай кайрылууну модель, "Аалам сулуусу-2018" сынагынын катышуучусу Бегимай Карыбекова депутат Шайлообек Атазовго каршы жасады.

"Депутаттын аялдарга чет өлкөгө учууга тыюу салуу сунушу жана мен сыйлаган байкелердин кыздарга карата жазылган посттору абдан ойлондурду!

Кыздардын абройуна шек келтирген постторду жазбастан күндөн күнгө күчөп жаткан педофилдик, үй-бүлөлүк зордук-зомбулук менен алышсаңыздар жакшы болмок.

Тилеке каршы, бизде алсыз эркектердин күчү аялдарга эле жетет эмеспи…

Кыз-келиндер, мигранттар Кыргызстандан жыргаганынан кеткен жок. Ата-эне, балдарын багуу, билим алуу жана жөн гана мүмкүнчүлүк алып жашоосун жакшы жака өзгөртүү үчүн келдик.

Кыздар - сенин менчигиң эмес, сенин кулуң эмес!

Кыздар, укугуңарды билгиле! Жашооңузда кандай катачылык кетиргениңизге карабастан, эч кимдин, тууган-туушканыңардын, кошуна-колоңдордун сенин жашооңду, кылыктарыңды айыптоого, кантип жашоону үйрөтүүгө акысы жок! Айрыкча, бизге учууга тыюу салууга, биз жол бербейбиз!

Ушундай эркек сөрөйлөргө кор болбой, ар кандай жалаа жапкан сөздөрдү угуп, мойнубузга дөнгөлөк кийип, кор болгончо, чет мамлекетте чыгып иштеп, билим алып, жашооңорду өзгөртүп, бактылуу жашагыла демекчимин!

Ал эми бейкүнөө кыздарыбызды бузуп жаткандар - силерсиңер. Биздин Кыздар кор болуш үчүн, чет мамлекетке чыгуунун кажети жок",- деп билдирди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7120