Мектеп бүтүрүүчүлөрү эреже бузганы үчүн айып пулга жыгылды
4261
Акыркы коңгуроо салтанатынан кийин чыккан бүтүрүүчүлөр жол эрежесин бузганы үчүн айдоочуларга 7 жарым миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирген.
slide 3 of 2
Маалыматка ылайык, алар унаанын терезесинен башын чыгарып, кыйкырып жарандардын тынчтыгын бузган. Бул факты боюнча бир нече протокол түзүлдү. Анын ичинен 189-берене (автоунаа ээн баштыгы) боюнча 2 протокол түзүлүп, айып пул салынды. Андан тышкары бүтүрүүчүлөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/7027