Бүгүн акыркы коңгуроо! Мэрия кайрадан эскертүү берди
RU

Бүгүн акыркы коңгуроо! Мэрия кайрадан эскертүү берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-июнда саат 9:00дө борбор калаанын бардык мектептеринде салтанаттуу линейкалар болот.

Мындан улам борбор калаанын мэриясы эскертүү берди.

Мектептерде акыркы коңгуроону майрамдоо үчүн кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөгө, жаратылышка, суу сактагычтарга чыгууга тыюу салынат!

Андан сырткары мерия ата-энелерге да кайрылды.

"Тартипти аткарбаган учурда жана мүмкүн болгон окуяларда жоопкерчилик чаралары каралат. Салтанаттуу иш-чара аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдүн өмүрү жана ден соолугу үчүн жоопкерчилик ата-энелерге жүктөлөт",- деп белгиленет маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7000