Бүгүн Кыргызстандын мыкты оюнчусу Тажикстан менен беттешке чыкпайт
RU

Бүгүн Кыргызстандын мыкты оюнчусу Тажикстан менен беттешке чыкпайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасынын чабуулчусу Виктор Майер Германияга учуп кетти. Буга байланыштуу ал бүгүн Азия Кубогу - 2023 тандоо турунун алкагында Тажикстандын курама командасы менен боло турган оюнга катышпай турганын Kaktus.media сайтына улуттук курама командадагы өздүк булактар ​​билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Виктор Майер жумушуна байланыштуу Германияга кеткен. Башка маалыматтар айтыла элек. Белгилей кетсек, Виктор Майер төртүнчү дивизиондун "Айнтрахт" футболдук клубунда ойнойт.

Сингапур жана Мьянма менен болгон беттеште Виктор Майер мыкты оюнчу деп табылган. Ошондой эле үч голдун автору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7070