Бүгүн Кыргызстан негизги атаандашы Тажикстан менен беттешет
RU

Бүгүн Кыргызстан негизги атаандашы Тажикстан менен беттешет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Азия кубогу - 2023 тандоо оюндарынын финалдык этабынын алкагында акыркы беттешин өткөрөт.

Кыргызстандын курама командасы негизги атаандашы Тажикстандын командасы менен беттешет. Оюн Бишкекте, Д.Өмүрзаков стадионунуда, саат 21:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын курама командасы F тайпасында Сингапур, Мьянма жана Тажикстан менен ойнойт. Тайпадагы ар бир команда буга чейин эки жолудан беттешти. Учурда Тажикстан менен Кыргызстандын экиден жеңиши бар, алар алтыдан упайга ээ. Бирок, голдорунун айырмасы боюнча тажикстандыктар алдыда.

Ошентип, бүгүн Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары тайпадагы биринчи орун үчүн, ошондой эле Азия Кубогу - 2023тун финалдык раундуна чыгуу үчүн беттешет.

Кечээ буга чейинки эки квалификациялык беттештин мыкты оюнчусу, ошондой эле үч голдун автору Виктор Майер Тажикстан менен беттешке катышпай турганы белгилүү болду. Жумушуна байланыштуу кетүүгө туура келген.

Тажикстандын курама командасынын жана өзбекстандык "Бунёдкордун" коргоочусу Давронжон Эргашев дагы улуттук кураманын лагеринен чыгып кеткендиктен, беттешке чыкпайт.

Эске салсак, тандоонун өзүнө 24 команда катышып, алар төрт командадан алты топко бөлүнгөн. Алты тайпанын жеңүүчүлөрү, ошондой эле экинчи орунду ээлеген беш команда финалдык турга өтө алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7069