Равшан Жээнбеков Камчыбек Ташиевге: Мен менен тең тайлашам десең кызматтан кет (видео)
RU

Равшан Жээнбеков Камчыбек Ташиевге: Мен менен тең тайлашам десең кызматтан кет (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбеков УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин анын дарегине айткан билдирүүсүнө комментарий берди.

Буга чейин Ташиев Равшан Жээнбековду УКМК атайылап Казакпаевге медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тарткан деген сөзү үчүн айыптап, бул үчүн жооп берет деген.

Равшан Жээнбеков Ташиевге кызматын тапшырып, анан тең тайлашышы керектигин айтты.

"Седе бардык нерсе бар. Бийлик, акча, УКМК, укук коргоо органдары колуңда. Мен тең келе албайм (азырынча). Сөздөн башка эч нерсем жок. Экөөбүз атандашыш үчүн, сен кызматтан кетишиң керек. Мен баарына даярмын, качан чакырсаңар ошондо келем. Бул мен үчүн жаңылык эмес. Мага, туугандарыма, досторума 16 кылмыш иши козголгон, демек 17си болот экен" – деди Жээнбеков.

"Мен бул режимге көнүп калгам, УКМКдан коркпойм, айрыкча Камчы, сенден",- деди Жээнбеков.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7073