Чек арадагы атышуудан эч ким жабыркаган жок. Бирок, кырдаал дагы эле курч
RU

Чек арадагы атышуудан эч ким жабыркаган жок. Бирок, кырдаал дагы эле курч

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы тилкесинде Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу уланууда. Бул жерде эки республиканын чек арага жакын райондорунун укук коргоо органдарынын жетекчилери да катышууда.

Тараптар Кыргыз Республикасынын "Булак-Башы" жана Тажикстан Республикасынын "Кех" чек ара заставаларынын ортосундагы атышуунун себептерин карап жатышат. Бөлүктөрдү күжүрмөн позицияларынан чыгаруу боюнча макулдашышты.

Ошого карабастан, бүгүн саат 13:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курчуду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7075