Тажикстан - Кыргызстан беттешине 16 миңден көп билет сатылды
RU

Тажикстан - Кыргызстан беттешине 16 миңден көп билет сатылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 14-июнда Д.Өмүрзаков стадионунда өтө турган Тажикстан - Кыргызстан беттеши үчүн 16 миң 470 билет сатылган. Бул тууралуу Футбол федерациясынан кабарлашты.

Негизи стадиондун сыйымдуулугу 18500 адамды түзөт.

"Бир сектор чакырылган коноктор, оюнчулардын үй-бүлөлөрү үчүн экенин эске алуу керек. Чыгыш трибунасынын биринчи катарларында милиция кызматкерлери, балдар үйүнүн тарбиялануучулары үчүн орундар бар", - деп баса белгилешти федерациядан.

Эске салсак, бүгүн тайпадагы биринчи орун үчүн Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары беттешет. Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен болгон беттештин жыйынтыгына карабастан "Азия Кубогу - 2023" турниринин финалдык раундуна чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7079