Урааа! Кыргызстандын футбол командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты
RU

Урааа! Кыргызстандын футбол командасы Азия Кубогунун финалдык бөлүгүнө чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Тажикстан менен болгон беттештин жыйынтыгына карабастан, "Азия Кубогу - 2023" турниринин финалдык айлампасына чыкты.

Кыргызстан мындай мүмкүнчүлүккө Палестина жана Филиппиндин беттешинин жыйынтыгында ээ болду. 14-июнда Палестина курама командасы Филиппин курама командасын 4:0 эсебинде жеңип, Азия Кубогунун - 2023-жылдын финалдык раундуна түзмө-түз жолдомо алды.

Акыркы оюнда Монголия менен Йемендин курама командалары беттешет. Йемен жеңишке жетишсе, үч упай алган күндө дагы, бул кыргыз командасынын тагдырына таасир этпейт.

Эки беттештин жыйынтыгында Кыргызстандын эсебинде 6 упай бар, бул Йемен утулуп же жеңишке жеткенине карабастан, В тайпасында экинчи орунду ээлеген командалардан алдыда.

Бул финалдык тандоо баскычында жалпысынан 11 команда Азия Кубогунун финалдык баскычына чыга алат жана төрт командадан алты топко бөлүнгөн 24 команда ат салышат. 11 команданын бири болуу үчүн командалар же өз тайпаларында жеңүүчү болуш керек, же экинчи орунду алган беш команданын ичинен эң мыктысы болушу керек.

Эске салсак, Кыргызстан Азия кубогуна экинчи жолу катышат. КР биринчи жолу 2019-жылы БАЭде оюн көрсөтүп, 1/8 финалга чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7074