Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды
RU

Равшан Жээнбеков УКМКга суракка чакырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саясатчы Равшан Жээнбеков бүгүн УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына саясатчы өзү билдирди.

Эске салсак, буга чейин ал саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмүнө УКМК күнөөлүү экенин айтып, ал тургай мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиевди да көрсөткөн.

Буга чейин Ташиев ага комментарий берип сөзүнө жооп берет деп билдирген эле.

"Бүгүн эртең менен (13-июнь) Жээнбековго расмий түрдө эскертүү берүү үчүн аны администрацияга алып келүүнү тапшырдым. Маңызын билбей, түшүнбөй туруп маалымат билдиргени ал үчүн да терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн", - деген Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7082