Бейшеналиевдин мурунку орун басары үй камагына чыкты
RU

Бейшеналиевдин мурунку орун басары үй камагына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-июнда Улук-Бек Бектурганов үй камагына чыгарылды. Бул маалыматты Kaktus.media сайты соттон тастыктады.

Эске салсак, Бектурганов саламаттыкты сактоо министринин орун басары - Кыргызстандын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кызматынан бошотулган.

Бейшеналиев Бектургановдон 1 миллион сом талап кылганын Башкы прокуратура кабарлады. Министрдин орун басары 2021-жылдын май айынан тарта Бейшеналиев өзүнүн орун басарын кабинетине чакырып, кызматтан кетирем деп коркутуп, кызматта калуу үчүн 1 миллион сом талап кылганы тууралуу арыз жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7121