Садыр Жапаровдун жаңы жана чексиз ыйгарым укугу (Конституциядан үзүндүлөр)
RU

Садыр Жапаровдун жаңы жана чексиз ыйгарым укугу (Конституциядан үзүндүлөр)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Конституциянын долбоору коомдук талкуу үчүн жарыяланды. Конституциялык кеңешме документтин үстүнөн эки ай иштеп, акыры, январдын соңунда Жогорку Кеңешке жөнөттү. Документти иштеп чыккандар Конституция суперпрезиденттик башкаруу формасын беките турганын жашырышкан жок. Мындан ары "бир эле адам бардыгы үчүн жооптуу" болот.

Kaktus.media бул долбоор кабыл алынгандан кийин президент Садыр Жапаровдун кандай ыйгарым укуктары пайда боло тургандыгын карап чыгып, Конституциянын үзүндүлөрүн келтирет.

Белгилей кетсек, Конституциянын долбооруна Садыр Жапаровго президенттик ыйгарым укукту камсыздай турган норма киргизилген.

Ал азыркы Конституция боюнча алты жыл иштейт, андан кийин жаңы Конституцияга ылайык, дагы беш жылга шайлана алат. Референдум өткөндөн кийин бардык Мыйзам чыгаруучу база алты айдын ичинде жаңы Конституцияга ылайыкташтырылууга тийиш.

Жаңы ыйгарым укуктар

  • Президент мамлекеттин башчысы, ошол эле учурда аткаруу бийлигин да жетектейт (башкача айтканда премьер-министрдин милдетин да аткарат). Ал 5 жылга шайланат жана эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт.
  • Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт (буга чейин тышкы саясат үчүн өкмөт жооптуу болчу).
  • Президент министрлер кабинетинин структурасын жана курамын аныктайт. Премьер-министр деген кызмат жоюлат. Факт жүзүндө президент өзү премьер-министрдин милдетин аткарат. Бирок министрлер кабинетинин төрагасы, деген кызмат пайда болот. Ал президентик аппараттын жетекчиси.
  • Президент министрлер кабинетинин жетекчисин жана аткаруу бийлигиндеги бардык чиновниктерди кызматтан ала алат. Демек, президент аткаруу бийлигин контролдойт, бирок өкмөттүн кетирген каталары үчүн министрлер кабинетинин жетекчиси жоопко тартылышы мүмкүн.
  • Президент жеке өзү демилге көтөрүп чыгып, референдум өткөрө алат. Ошондой эле 300 миң шайлоочулардын же көпчүлүк депутаттардын демилгеси менен да референдум өткөрүүгө болот.
  • Мамлекетти башкаруу кызматы үчүн максималдуу мүмкүн болгон жаш курак чектөөсү алынып салынды. Башкача айтканда, 35 жаштан жогору болгон каалаган жаран президент боло алат. Азыркы конституцияга ылайык, 70 жаштан өткөн жарандар шайлоого катыша албайт.
  • Ал Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чогулта алат, ошол эле учурда карала турган маселелерди да өзү аныктайт. Андан тышкары мыйзам долбоорлорду киргизүүгө ыйгарым укугу бар. Тажрыйба көрсөткөндөй, жогору жактан түшкөн документтерди депутаттар кыска мөөнөттө, деталдарын ашыкча изилдебей эле бекитип беришет.
  • Жыл сайын Жогорку Кеңешке жасаган иштери боюнча маалымат берип турат. Бул жерде өзгөчө белгилей кетчү жагдай, кеп жөн гана маалымат берүү жөнүндө болуп жатат. Бул кабыл алына турган же канааттандыраарлык эмес, деп табылып, ага баа бергидей отчет берүү эмес.

Президенттин Жогорку Кеңешке жана жергиликтүү кеңешке шайлоону дайындоо укугу өзгөрүүсүз калды. Ошондой эле президент мыйзам долбоорлорго кол коет, же болбосо кабыл албай кое алат. Судьяларды дайындап, кайра кызматтан алат, Эсеп палатасынын төрагасын бекитет, ЖКнын макулдугу менен генералдык прокурорду дайындап, кызматынан бошотот. Улуттук банк жана БШКнын жетекчилигине талапкерлерди сунуштайт. Элчилерди дайындоодо, наам берүүдө, өлкөнүн аймагында өзгөчө режим жарыялоодо анын укуктары өзгөрүүсүз калды.

Президентти кантип отставкага кетирсе болот?

Президент өз каалоосу менен отставкага кете алат же мыйзам бузгандыгы үчүн, Жогорку Кеңештин жана соттордун ишине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн кызматынан четтетилиши мүмкүн.

Мындай боло турган болсо Жогорку Кеңештин, Генералдык прокуратуранын жана Конституциялык соттун атайын комиссисынын корутундусу болууга тийиш. Импичментти 90 депутаттын ичинен 60ы колдош керек. Эскерте кетчү жагдай, төраганы, Конституциялык соттун мүчөлөрүн, андан тышкары генералдык прокурорду (мейли парламенттин макулдугу менен болсо дагы) президент өзү дайындайт.

Азыркы конституцияда президентке импичмент жарыялоо үчүн көпчүлүк депутаттардын чечими, Генералдык прокуратуранын кылмыш тууралуу корутундусу жетиштүү болчу. Кызматынан четтетилгенден кийин өлкө башчысы экс-президент деген статусунан ажырайт жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Президент мөөнөтүнөн эрте кете турган болсо, президенттин милдетин төрага аткарат, эгер ал кандайдыр бир себептерге байланыштуу президенттин милдетин аткара албай калса, министрлер кабинетинин төрагасы мамлекетти жетектейт (ошол эле адам президенттин аппаратынын жетекчиси болуп келген, аны кетип калган президент дайындаган).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/712