Ташиев эртең Кыргызстанга кайтып келет
RU

Ташиев эртең Кыргызстанга кайтып келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана Садыр Жапаровдун расмий аккаунттарында "буюрса, эртең 18-февралда кайтып келет" деген маалымат чыкты.

Бирок ал Бишкекте бир эле саат болот, андан кийин дароо Баткен облусуна жөнөп кетет. Учурда анын иш сапарынын программасы иштелип жатат.

Эске салсак, 5-февралда, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чет өлкөгө даарыланууга кетип жатканын билдирген. Анын айтымында чет өлкөгө барып операция жасатууну ага профессор Калдарбек Абдаманов сунуштаган.

2020-жылы декабрь айында, саясатчы бир нече жума жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жаткан. Ал аны менен бардыгы жакшы, бирок, жакында жүрөгүнө операция жасатуу керек, деп айткан.

Маалымат булактардын билдирүүсү боюнча Ташиевге Германияда операци жасалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/713