Кыргызстанда болжол менен 30 000 га жер трансформацияланат
RU

Кыргызстанда болжол менен 30 000 га жер трансформацияланат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жѳнүндѳ" мыйзамдын негизинде өлкөдө жалпы аянты болжол менен 29 872 га жер трансформацияланат.

Бүгүнкү күнгө карата мыйзамсыз жеке турак үйлөр жана пайдубалдар курулуп калган 142 миң 337 жер тилкелери такталган. Ошол эле учурда 28 миңден ашык жаранга техникалык паспорт берилген.

"Техникалык паспорт алуу менен жарандар каттоого турууга, ар кандай социалдык төлөмдөрдү алууга жана шайлоого катышууга мүмкүнчүлүк ала алышты"- деп түшүндүрдү мамлекет башчысынын аппараты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7141