Миңден ашык мыйзамсыз курулган турак жайларга техпаспорт берилди
RU

Миңден ашык мыйзамсыз курулган турак жайларга техпаспорт берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Кадастр" мекемесинин маалыматы боюнча, 27-январга карата Бишкектеги жаңы конуштардагы 1100дөй турак жайга техникалык паспорт берилди.

Жер Ынтымагы, Ала-Тоо, Дордой, Арча-Бешик, Керамик, Төкөлдөш, Ак-Ордо, 2-Черепки, Кара-Жыгач, Тынчтык, Учкун конуштарынан былтыр 13-декабрдан бери үч миңдей кайрылуу түшкөн. 11-январдан тарта Дордой-2 жаңы конушунда да иш башталып, тургундар техпаспорт алуу үчүн 461 арыз берди. 17-январдан тарта Ак-Тилек, Ак-Босого конуштарында да иш башталып, 450дөн ашык арыз-даттануу кабыл алынган.

Техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор былтыр 7-декабрдан тарта ишин баштаган. Көчмө бригадалар турак жай курулган жер тилкелерине изилдөө жүргүзүп, техникалык паспорт даярдайт. Жарандар түз эле Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, документ алуу үчүн арыз калтырса да болот.

Кыргызстанда кагаз бетинде айдоо аянты катары көрсөтүлгөн айрым жерлерге там салынып, калктуу конуштар пайда болгон. Президент Садыр Жапаров былтыр 25-декабрда 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткандардын үйлөрү мыйзамдаштырыларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5337