Феликс Кулов: Ала качылган кыз күйөөсүнүн мүлкүнө дароо ээлик кылыш керек
RU

Феликс Кулов: Ала качылган кыз күйөөсүнүн мүлкүнө дароо ээлик кылыш керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Феликс Кулов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына ала качуу боюнча пикир калтырып, кантип чечсе болорун жазды.

"Мен буга чейин бул маселени жөнөкөй эле жол менен биротоло чечүүнү сунуш кылган элем. Кызды уурдоо фактысы катталары менен, дароо, баса белгилейин кетейин, дароо ошол замат, жабырлануучу мыйзамдуу түрдө ала качкандын үй-бүлөсүнө таандык мүлктүн бир бөлүгүнө ээ болот. Ал кыз ала качкандан кийин жаңы үй-бүлөдө калабы же кетеби, никелери мыйзамдуу түрдө катталабы же жокпу карбастан, толук кандуу мүлкүнө ээлик кылат. Эң негизгиси "келиндин" эркине каршы ала качуу фактысын далилдеш керек", - деди Кулов.

Экс-депутат бул сунушу ишке кирип калса, анда ата-энелер ала качууну чечкен уулунун жоругун колдоодон мурун жүз ирет ойлонушарын кошумчалады. Анан калса келиндин жакындары жаңы мыйзамды жетекчиликке алып, куда болгусу келген тарапты материалдык жактан жазалоону колдонбой коюшпайт.

"Бул кызга жана анын ата-энесине алар башынан өткөргөн стресс үчүн компенсация болот",- деди экс-депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7146