Ала качып кеткен. Зордукталган кыз аргасыздан жылаңач качкан
RU

Ала качып кеткен. Зордукталган кыз аргасыздан жылаңач качкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

24 жаштагы жигит 28 жаштагы кызды ала качып, үйүнө алып барып зордуктаган. Ал качып кетүүгө үлгүргөн. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1993-жылы туулган бишкектик кызды 1997-жылы туулган А.Р.Х. 5-июнь күнү саат 10дор чамасында "алдамчылык" жолу менен белгисиз бирөөлөр уурдап кеткен. Бул тууралуу маалымат Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнө кечээ, 6-июнда келип түшкөн. Кыздын айтымында, эркек киши аны Ысык-Ата районунун аймагындагы, өзүнүн дачасына алып барып зордуктаган.

Бир күндөн кийин саат 13:00дөр чамасында кыз үйдөн качып кетүүгө үлгүргөн. Ал дээрлик жылаңач болгон. Бир нече чакырым чуркап келип, жергиликтүү элден жардам сураган.

Маалым болгондой, шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6963