Маркум Айдар Акаевдин уулу Щвейцариядагы окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктады. Сүрөт
RU

Маркум Айдар Акаевдин уулу Щвейцариядагы окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктады. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аскар Акаевдин небереси Айтеңир Акаев Щвейцариядагы окуу жайды артыкчылык диплом менен аяктады. Бул тууралуу журналист Facebook баракчасына жазган.

"Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин небереси, маркум Айдар Акаевдин уулу Айтеңир Акаевге Щвейцариянын Женева шаарындагы Ду Леман ( COLLEGE DU LEMAN) колледжинде эл аралык бакалавр квалификациясы ыйгарылып, артыкчылык диплом менен аяктады.

Айтеңир Акаев 10 жашынан бери Щвейцариянын Женева шаарында Бермет Акаеванын колунда өскөн",- деп жазган ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7150