Аскар Акаев Кыргызстандан кеткенине өкүнбөй турганын айтты
RU

Аскар Акаев Кыргызстандан кеткенине өкүнбөй турганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Казакстанда иш сапары менен жүрөт. Ал бир күн мурун Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин студенттерине лекция окуган.

20-июнда Акаевди AlmaU окуу жайында тосуп алышты. Ал жерде экономиканы санариптештирүү тууралуу сөз кылды.

Маек учурунда Аскар Акаев президент болгон күндөрүн эстеп кетүүгө дагы аргасыз болду. Ал 1990-жылдары Кыргызстандын өнүгүү темпи жакшы болгонун, бирок көйгөйлөр 2000-жылдары пайда болгонун билдирди. Ал АКШны мамлекеттик төңкөрүш үчүн күнөөлүү деп эсептей турганын дагы бир жолу баса белгиледи.

"Мен бул тууралуу ачык айтып жатам, анткени АКШнын элчиси Янг мырза, өзгөчө Грузия менен Украинадагы ыңкылаптардан кийин, мамлекеттик төңкөрүштү уюштурганын ачык айткан. Балким мен кетип калып ката кетирдим. Көпчүлүк, калып калышым керек экенин айтышат. Бирок мен кан төгүү даярдалып жатканын билип, өзүмдүн атымды кан төгүү менен байланыштыргым келбеди. Өлкөнү таштап кетүүнү чечтим жана бул тууралуу өкүнбөйм", - деди Акаев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7165