Гүлзат Мамытбек Эрулан Кокуловго "воздушный поцелуй" жиберди
RU

Гүлзат Мамытбек Эрулан Кокуловго "воздушный поцелуй" жиберди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Гүлзат Мамытбек жергиликтүү басылмаларга маек куруп жатып, депутат Эрулан Кокуловдун ага карата айтылган сындары боюнча пикирин билдирди.

"Кара пиар, бул дагы пиар. Мен ага акча берип дагы пиар болоюн деп жатам. Эрулан, Жогорку кеңеште дагы пиар кылып койчу деп. Ага "воздушный поцелуй" жиберип жатам",-деди.

Чындап эле жаш баланын операциясынын жана карылардын акчасын алганын, аны бизнеске салып, бирок кийин кайтырып бергенин айтты.

Блогер сөзүн "Ит үрө берет, кербен жүрө берет",- деп жыйынтыктады.

Буга чейин депутат Эрулан Кокулов Гүлзат Мамытбектин боштондукка чыкканына ачууланып, Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы деген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7189