Анжелика Айчүрөктүн маркум уулунун карызын кечкенин жазды
RU

Анжелика Айчүрөктүн маркум уулунун карызын кечкенин жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Анжелика социалдык баракчасына мурунку устаты Айчүрөк Иманалиеванын маркум уулу Аргендин карызын кечкенин жазды.

"Аллах таалам билип, билбей кылган күнөөлөрүн кечирсин. Жайың Жаннаттан берсин Жаназасына бара албайм. Ошон үчүн Аргендин карыздарын кечирдим", - деп сторис киргизген.

Бул билдирүүсү ырчынын дарегине карата терс пикирлерди жаратты. Бирок, Анжелика мындай сындарга көнүп калганын айтты.

Эске сала кетсек, ырчынын уулу 21-июнга караган түнү инфаркттан улам каза болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7208